Кардарларыңыз кандай колдоно алат

Кардарларыңыз Instagram жана WhatsApp аркылуу MA shop шилтемеңизди басат

Товардын бар экенин текшерип, параметрин тандап, чат аркылуу төлөйт

Сизге жеткирүү маалыматтары менен билдирүү келет. Товарды жөнөтүүгө даярданасыз.

5 мүнөттө катталлыңыз

Дүкөнүңүздүн Инстаграм маалыматтары менен катталып, байланыш маалыматыңызды тастыктаңыз

Төлөм ыкмаларын туташтырып, акчаны коопсуз алыңыз

Жеткирүү жана алуу параметрлериңизди бир жолу киргизип, ар дайым колдонуңуз

Биринчи товарыңызды кошуңуз!

Товардын атын, баасын жана запасын жөнөкөй формада кошуңуз

MA shop'то түзүлгөн шилтемени Инстаграмда сториске киргизиңиз

Заказдар WhatsApp чаттар аркылуу автоматтык түрдө келет

Сатуучунун башкаруу панели

Дүкөнүңүздү башкаруу эми абдан жеңил! Ыңгайлуу сатуучу панели аркылуу баарын бат эле жасай аласыз. Заказдын абалын «төлөндү», «жолдо» же «жеткирилди» деп бир нече эле клик менен өзгөртүңүз.

Бардык сатуу жана төлөмдөрдү дароо көзөмөлдөңүз. Ал эми дүкөн баракчаңыз дайыма жаңы товарларды көрсөтүп, кардарлардын көңүлүн бурат.

Иш-чараларды түзүңүз

Каалаган иш-чараны уюштуруңуз — концерт, онлайн марафон, классташтар кездешүүсү же жөн эле көңүл ача турган кечелер.

Катышуучулар төлөгөндөн кийин аларга WhatsApp’та жабык топ автоматтык түрдө түзүлөт, алар ошол жерден эле баарлаша алышат. Жаңылыктарды жана жарыяларды бөлүшүп, кардарларды кабардар кылып туруңуз. Иш-чара күнү кызматкерлер жөн эле QR-кодду сканерлеп, билетти дароо активдештиришет.

Кардар кантип төлөйт

Төлөм берүү өтө оңой: кардар Instagram же WhatsApp шилтемесин басат. Андан кийин бардык кадамдар түз эле WhatsApp чатында жасалат — ырастоо жана төлөм ошондо эле бүтөт.

Төлөгөндөн кийин кардар WhatsAppтагы жабык топко кошулат, жаңылыктарды ошол жактан алат. Ал эми иш-чарада билетти QR-код аркылуу дароо активдештирип алса болот.